Муниципалитеттин имаратында экономика жана каржы иштери боюнча  вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында кирешелер боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.

Штабдын ишине райондордун башчыларынын биринчи орун басарлары, Бишкек шаарынын мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчылары, муниципалитеттин аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Штабдын мүчөлөрү жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маселени карашып, экономикалык иш-аракеттердин объектилеринин жайгашкан жеринин картасы менен таанышышты.

Талкуунун жыйынтыгында, райондук салык органдарына, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы жана эркин экономикалык аймак субъектилерин көзөмөлдөө башкармалыгына, акимчиликтерге биринчи жарым жылдыктын пландык көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы үчүн эскертүү берилди, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык күнөөлүүлөргө чара көрүлөт.

Акимиаттарга салыктык кирешелер планынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө маалыматтарды жаңыртуу тапшырылды. Санарип технологиялар борбору ушул жылдын июль айынын ортосуна чейин экономикалык иш-аракеттердин объектилерин жайгаштыруу картасы боюнча иштерди бүтүрүшү керек.

Ошондой эле, шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун кошумча резервдерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлөт.