Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков шаардыктарды жеке кабыл алды.

Негизинен, кайрылуулар жер жана турак жай маселелерине, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин маселелерине байланыштуу болду.

Кызматтын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилди, көтөрүлгөн маселелердин бардыгы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде тез арада чечилет.

Эскерте кетсек, башчы ар бейшемби күнү саат 15: 30дан 17: 30га чейин шаардыктарды жеке кабыл алат. (0312) 36-01-93 номери аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыздар болот.