Таштандыларды туура эмес жерлерге таштабаңыздар

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Санитардык патрулдун учурдагы көйгөйү башаламан таштанды төгүүчү жайлар.

Ахунбаев жана Бектенов көчөлөрүнүн кесилишинен дагы бир башаламан таштанды табылды.

Шаардыктар таштандыларын таштанды төгүлүүчү жайларга төкпөй, борбордук көчөлөрдүн бөлүгүнө таштап кетишет. Биз күн сайын ушундай аймактардын жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиричилик таштандыларын туура эмес жерге ыргытканы үчүн жаза чараларын эскерткен маалымат баннерлерин орнотобуз.

Мыйзамды бузгандарга жеке жактарга 5500 сом жана юридикалык жактар үчүн - 17000 сом айып салынарын дагы бир жолу эскертебиз.

“Адинай” паркындагы саркынды суу агып кетти деген белги менен санитардык инспекциянын жана "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын өкүлдөрү аварияны текшерүү үчүн жерине барышты.

Жерине барганда, “Райдерс” кафесинин канализация түтүгүндө көйгөй болуп, “1.1 Studio” студиясы даараткананын кранын ачык таштап кеткени белгилүү болду.

"Бишкексууканал" ишканасынын кызматкерлери канализациянын түтүктөрүн мыйзам бузуучулар тарабынан төлөнгөн шартта тазалашат.

Урматтуу шаардыктар! Таштандыларды туура эмес жерге таштабоону жана жеке гигиена каражаттарын канализация түтүктөрүнө таштабоону суранабыз.

Сураныч, кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн айланасында тазалыкты сактаңыз. Санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча, санитардык-экологиялык инспекциясына кайрылыңыздар: 0705564756.