«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жөө адамдар өтүүчү жолдорго жаңы жарык чырактарын  орнотту.

Жарыктандыруучулар кесилиштерди жана жөө адамдар өтүүчү жолду жарыктандыруу боюнча тутумдуу иштерди баштады.

Кечинде, жолду кесип өткөнгө шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн, Махатма Ганди менен Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана А.Масалиев менен Д.Садырбев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун эки тараптуу белгиси жана алты кошумча LED чырактары орнотулду.

Кошумча жарык берүү объектердин көрүү деңгээлин жакшыртып, айдоочуларга жардам берет.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө жарыктандыруу өчсө, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet