Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №5- гараж кооперативинин төрагалары менен жолугушту.

Гараждар совет мезгилинен бери Лев Толстой көчөсү №1а дарегинде  жайгашкан. Азыр гараждар башка максаттарда колдонулуп жатат,  муниципалитеттин ижара акысы үчүн 4 416 786 сом карызы бар.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы гараж кооперативинин ордуна көп кабаттуу унаа токтоочу жай курууну пландап жатат. Жол инфраструктурасын жакшыртууга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген долбоор даяр.

Сунуш кылынган көп кабаттуу унаа токтоочу жайдын долбоорунда ыңгайлуу пайдалануу үчүн керектүү нерселердин бардыгы каралган. Унаа токтоочу жай 5-6 кабаттуу кылып, жалпы сыйымдуулугу 400-500 автоунаага эсептеп куруу пландаштырылууда. Биринчи кабатында коммерциялык объектилерди: тейлөө бекети, унаа жуучу жай, сатыкка чейин автоунаа даярдоо пункту, автосалон, авто тетиктер дүкөндөрү, вулканизация ж.б.у.с. жайгаштыруу пландаштырылууда. Ал эми калган кабаттар унаа токтоочу жай үчүн колдонулат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, жаңы унаа токтотуучу жайдан кооперативдин мүчөлөрүнө артыкчылыктуу орундар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу чечими кабыл алынды.

Муниципалитет ушундай унаа токтотуучу жайдан дагы 4 даанасын төмөнкү даректер боюнча курууну пландаштырууда: П.Лумумба көчөсү (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин – Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, Псков - Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде жана Сухомлинов көчөсү Лев Толстой №1а дарегинде.