Шаар тургундары  райондун башчысынан  "Красный Строитель" жаңы конушундагы коллектордук - дренаждык тармактын курулушуна көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү.

Ошондой эле,  жаран Өмүрзаков Р.Т. үй-бүлөсү менен жашаган жер тилкесинин  чек арасын аныктап берүүнү суранды  жана ал жер тилкесине байланыштуу  укугун белгилөөчү жана укугун ырастоочу  документтеринин жок экендигин билдирди.

Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө шаарды көрктөндүрүү  маселелери дагы талкууланды.

Жеке кабыл алуунун жыйынтыгында райондун башчысы тиешелүү  түзүмдүк бөлүмдүрдүн жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине көтөрүлгөн бардык маселелерди Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын чегинде тез арада чечүүнү тапшырды.

Свердлов районунун башчысынын  жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 15: 30дан 17: 30га чейин өткөрүлөт.
Жеке кабыл алууга жазылуу  (-0312) 36-01-93 телефон номери аркылуу жүргүзүлөт.