Бишкекте көп кабаттуу унаа токтоочу жайлар пайда болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун “Шаардын көйгөйлөрү: чечүү жолдору, мэриянын биринчи жарым жылдагы ишинин жыйынтыгы” аталышта өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Борбор калаанын мэриясы көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды куруу маселесин карап жатат. Биринчиси жакында Лев Толстой көчөсүндө пайда болот. Патрис Лумумба көчөсүндө (Кудайберген базары), Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Псков жана Сухомлинов көчөлөрүндө дагы үч унаа токтотуучу жай курууну пландап жатабыз.

Шаардын борбордук бөлүгүндө экологиялык жактан таза муниципалдык коомдук транспорт гана каттайт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кадам жасалды. Июнь айында линияга Өзбекстанда чыгарылган ISUZU үлгүсүндөгү 50 автобус кирди. Бул компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында, дагы 40 автобус жеткирилет. Бирок булар  газ менен жүрүүчү автобустар.
2023-жылга чейин алар газ менен иштеген 1000 автоунаа жеткириши керек. Ал эми кийинки жылы ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген адамдар үчүн пандустарды камтыган 350 автобус, анын ичинде ири автобустар алынып келинет.

Эл аралык донорлор менен келечектүү долбоорлорубуз бар. ЕРӨБ “Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорттук тутумун өркүндөтүү” долбоорун пландаштырууда. Долбоорго ылайык, биз жаратылыш газы менен иштеген автобустарды сатып алууну жана автобус паркын оңдоону пландап жатабыз.

АӨБ "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Ал эки фазага бөлүнөт. 1-фаза - электр автобустарын сатып алуу, 2-фаза - муниципалдык транспорттогу маселени изилдөө. Долбоордун алкагында 120дан ашык электр автобустарын жана  Депону модернизациялоо пландаштырылууда.