Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрдү.

Мэрдин кабыл алуусуна үч шаар тургуну келди. Марфия Маматбекова жарнак белгисинин иштешинин мыйзамдуулугу жөнүндө маселеге токтолду. "Ак-Ордо" жаңы  конушунун тургуну Салтанат Солпиева жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси менен, "Төкөлдөш" конушунда жашаган шаар тургуну  Жамиля Секеналиева Менделеев көчөсүнөн жер тилкелерин алуу үчүн кайрылды.

Шаар мэри шаардыктарды кунт коюп угуп, вице-мэр Русланбек Акылбековго жана тиешелүү шаардык кызматтарга белгиленген тартипте маселелерди иштеп чыгууну тапшырды.