Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп жатат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Муниципалдык администрациянын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ ишкердиктин субъектилеринин арасында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы боюнча рейд өткөрдү.
Рейддик текшерүү учурунда «Баку» рестораны санитардык нормаларды сактабагандыгы жана көңүл ачуу мекемелерине уруксаат болгон деңгээлден  ызы-чуунун деңгээлинин  ашып кеткендигине байланыштуу  Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык  3 миң сом айып  пул салынды.

Урматтуу ишкерлер, шаардыктар! Өтүнөбүз! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Колдоруңуздарды  таза кармаңыздар, аралыкты сактаңыздар жана эмдөөдөн өтүңүздөр. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!