Жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу  "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы үч көчөнү жабат, алар: Кой-Таш чолок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки бөлүгү, Республика көчөсү  Фучиктен Рижскаяга чейин жана  Месарош көчөсү Месарош көчөсүнөн Небережный көчөсүнө чейин.

Республика көчөсүндө эски асфальтты алуу иштери башталды. Оңдолуп жаткан бөлүктүн узундугу 1274 погон метрди түзүп, тротуар жана ирригация курулат.

Кой-Таш тилкесинде жол катмары оңдолуп, тротуарды бир жагына жайгаштырабыз, сугат тармагын куруп, жол жана тротуардын бордюрларын, люктарды орнотобуз.

Месарош көчөсүндө бир тараптан тротуар уюштурулуп, ирригациялык тармак, люктар орнотулат. Учурда жол катмарын алуу жана даярдоо иштери  башталды.