Бүгүн Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев Октябрь районунун сейил бактарын сугаруу боюнча көчмө жыйын өткөрүп, №8 кичи райондун ички жолдорун оңдоо иштери менен да таанышты.

Ал  Дайыр Асанов, Адинай Мырзабекова атындагы, ошондой эле, “Ынтымак”, “Ататүрк”  сейил бактарында жана “Физкультурный” скверинде болуп, өзү менен бирге барган “Шаардык парктар”, "Бишкекжашылчарба" ишканаларына жашыл аянттарды сугаруу иштерин күчөтүү, ошондой эле бак-дарактарды санитардык бутап-кыркуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди.

Мындан сырткары, “Ататүрк” атындагы паркка жарык орнотуу, сугат тармактарын алмаштыруу жана калыбына келтирүү, 8-кичи райондун ичиндеги жолдорду жамоо маселелерин иштеп чыгуу милдеттери коюлду.