Ленин райондук администрациясында жыйындардын залында район башчысы Марат Осмоновдун төрагалыгы менен шаардык, райондук кызматтардын жетекчилеринин жана райондук МАБнын башчыларынын катышуусунда пландык кеңешме болуп өттү.

Калкты эмдөө боюнча, ошондой эле райондун санитардык-эпидемиологиялык абалы боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу №1 ҮМБ отчеттору, санитардык-эпидемиологиялык инспекция тарабынан 1-жарым жылда аткарылган иштер жана 2021-жылдын 2-кварталына пландар тууралуу отчеттор угулду.

Калкты эмдөө жүргүзүүдө МАБ башчыларына №1 ҮМБ көмөк көрсөтүү, калкты маалымдоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.
Ленин райондук Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Жал кичи районунда курулуш таштандыларын чыгаруу боюнча курулуш фирмаларынын бири менен иш жүргүзүүнү тапшырды