27-июлга карата борбор калаада 123 адам илдеттен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 603 учурду түздү, алардын ичинен 473 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 130, Биринчи май району - 118, Октябрь району - 105, Свердлов району - 120. Шаарда каттоосу жок - 130. Жалпы  учурлардын ичинен 567 учур белгилери бар, 36 учур белгилери жок, 523 учур амбулатордук дарыланууда, 80 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 8 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!