Октябрь акимиаты "Ата-Нуру" коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте жетим балдарга колдоо көрсөттү.

Райондун борборундагы бассейндердин биринде социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуу уюштурулду.

"Ата-Нуру" коомдук кайрымдуулук фондунда социалдык жактан корголбогон 174 үй-бүлө катталган.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер биз менен муктаж болгондорго колдоо көрсөткүңүз келсе, анда Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыздар: 0772 670917 - Рейна Султанмуратова.