29-июлга карата борбор калаада 991 адам илдеттен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 528 учурду түздү, алардын ичинен 397 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 69, Биринчи май району - 110, Октябрь району - 95, Свердлов району - 123. Шаарда каттоосу жок - 131. Жалпы  учурлардын ичинен 495 учур белгилери бар, 33 учур белгилери жок, 387 учур амбулатордук дарыланууда, 141 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 7 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!