4 -августта биздин спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюнунда чыгат.

Финалдык күрөш Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Кавайдын (Япония) ортосунда өтөт.

Борбор шаардын тургундары жана коноктору  Олимпиада оюндарында биздин спортчуларды колдоосу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы "Ала-Тоо" борбордук аянтында LED экранын орноткон.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерди  Айсулуу Тыныбекованы чогуу колдоого чакырабыз.

Баарыңыздарды саат 15:00дө Ала-Тоо аянтында күтөбүз. Санитардык -эпидемиологиялык талаптарды сактаңыздар,  беткап тагынып,  аралыкты сактап, колуңуздарды  антисептик менен тазалаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.