Бишкек шаарынын аймагындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын отурумунун чечими менен "Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасы Шопоков көчөсүндө Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жай уюштурулган.

Аталган унаа токтотуучу жайда жана башка муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуунун баасы 25 сомду түзөт. Муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын иштөө убактысы дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин белгиленет. Биринчи 15 мүнөт унааны токтотуу бекер, көрсөтүлгөн убакыттан ашкан учурда төлөм толук түрдө эсептелинет.

Ошондой эле, биздин операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет.

2021 -жылдын 27 -апрелинен азыркы мезгилге чейин Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдан шаардык бюджетке 1 003 200 сом түшкөн.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде унаа токтоочу жайларда операторлор атайын жилеттери жок жана төлөм талонун бербесе, анда Чүй проспектиси, 315 (8 -кабат) дареги боюнча “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасына видео жана фото фактылар менен кайрылууңуздарды суранабыз. Биздин  электрондук дарек: parkovki@meria.kg.
Биз социалдык түйүндөр аркылуу арыздарды кабыл алабыз: https://www.facebook.com/102097021329567/