4-августка карата борбор калаада 1 179 адам илдеттен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 339 учурду түздү, алардын ичинен 281 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 94, Биринчи май району - 49, Октябрь району - 57, Свердлов району - 81. Шаарда каттоосу жок - 58.  Жалпы  учурлардын ичинен 320 учур белгилери бар, 19 учур белгилери жок, 275 учур амбулатордук дарыланууда, 64 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 5 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!