Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болуп Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович дайындалды. Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.

Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

Азамат Абсаттаров Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин пресс -катчысы болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койду.


Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович

Азамат Абсаттаров