Ленин районунун акимчилигинде райондун башчысы  Мурат Осмоновдун төрагалыгы алдында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өттү.

Бул пландык жыйында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын Ленин районунун аймагында 1-жарым жылдыкта аткарылган иштери боюнча отчету угулду.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башкы инженерине Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине баруучу жолдун чуңкурларын оӊдоп-түзөө иштерин карап чыгуу тапшырмасы берилди.