Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, борбордо узундугу 40,15 км болгон 32 көчө оңдолууда, алар ноябрдын аягына чейин акырындык менен пайдаланууга берилет.

Жалпы узундугу 12 км болгон асфальт -бетон төшөлмөсүнүн астыңкы жана үстүңкү катмарын төшөө иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлүүдө:

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Карадаринская көчөсүнө чейин;
- Кокчетавская көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;
- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
-Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин ("Ак-Ордо" жаңы конушу);
- Стадионная көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Магистралга чейин (Ынтымак конушу);
-Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулова көчөсүнө чейин.
- Буденный көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Жукеев Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;
- Өмүр көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин.

Узундугу 28,5 км болгон 18 көчөдө асфальт -бетон төшөө үчүн жерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаанын 9 көчөсүндө жол куруу иштери аяктап, 32 көчөдө оңдоо иштери уланууда.

"Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Жалпы узундугу 70 километрден ашык 2021 -жылы 44 жолду, 2022 -жылы 16 көчөнү реконструкциялоо жана 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө, подрядчы - China Road and Bridge Corporation.

Урматтуу шаардыктар! Жүрүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранабыз.