Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев райондун көчөлөрүн  текшерүүдө. Аким шаардык кызматтар менен бирге Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүнө көчмө жыйын  өткөрдү.

Жыйынтыгында көрктөндүрүү жана санитардык тартип боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Бир катар маселелер жеринде дароо чечилди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына  көчө боюндагы бактарды санитардык кыркуу иштерин жүргүзүү, сугат тармактарын тиешелүү абалга келтирүү, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына  жээк таштарды жана таман таштарды оңдоо, чуңкурларды жамоо,  Санитардык -экологиялык инспекцияна №13 МАБ  менен биргеликте көп кабаттуу үйлөргө, чарба субъектилерине чектеш аймакта санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.