Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов шаар тургундары менен бирге Жумушчулар шаарчасында жайгашкан «Люкс» сейил багында жалпы шаардык ишембиликке катышты.

Жакында сейил бакты Таалайбек Сарыбашовдун жеке көзөмөлүндө масштабдуу оңдоп түзөөдөн өткөрүү күтүлүүдө.

Борбор калаанын башчысы, шаардыктар, борбордун вице-мэрлери, Ленин районунун акими Мурат Осмонов жана борбордук аппараттын кызматкерлери парктын аймагын жана унаа жүрүүчү бөлүгүнө жанаша жайгашкан тилкени тазалашты.

Бардык шаардык кызматтар жана ишканалар дагы ишембиликке чыгып, бекитилген аймактарды иретке келтиришти.