Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов шаардык кызматтар менен биргеликте  Ч.Айтматов проспектисиндеги веложол менен таанышты.

Шаар башчысы Ч.Айтматов проспектиси боюнча сугат уюштуруу иштерине нааразылыгын билдирип, жооптуу кызмат жетекчилеринин көңүлүн жолго жакын жайгашкан аймак  жашыл,  ал эми тротуар тарапта жайгашкан өсүмдүктөр толугу менен куурап калгандыгына бурду.
Ошондой эле башчы шаардын көчөлөрүн жөө кыдырып, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рыспек Сарпашевге аймактын санитардык абалы талапка жооп  бербегени жөнүндө эскертүү берип бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Таалайбек Сырбашов "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына маселени чечип, сугарууну сапаттуу жана өз убагында уюштурууну тапшырды.