7 -августта борбор калаада жалпы ишембилик өттү. Ишебиликке 380 уюмдан 5 миң 841 адам катышты.

Таштанды чыгаруу үчүн 34 атайын техника тартылып, 38 тонна таштанды чыгарылды.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 100дөн ашык кызматкерлери күрөк жана тырмоо менен куралданып, Бакаев көчөсүн жана отканаларды тазалашты. 20 мүшөк таштанды жыйналып, 20 кубтан ашуун кургак жалбырактар жана башка таштандылар чыгарылды.
Ал эми "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Бишкекжашылчарба" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканалары менен биргеликте куруп жаткан "Ынтымак-2" паркында тазалоо жүргүзүштү. Ошондой эле ишкананын аймагын тазалашты.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы тазалоо иштерине катышып, аймактарды иретке келтиргениңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирет.