Свердлов районунун аймагында эмдөө маселеси боюнча калк менен жолугушуулар уланууда.

Дарыгерлер №18чи жана №19- МАБтын жана “Чыгыш-5” кичи районунун тургундары үчүн маалымдоо иштерин жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, биз ишкерлерге жана ишканалардын кызматкерлери үчүн алгачкы эмдөөнү уюштурууга жардам берүүгө даярбыз.

Каалоочулардын тизмесин райондук администрацияга тапшырышыңыз керек, же 53-15-83 номуру аркылуу байланышыңыздар.

Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы баардыгыңыздарды сактык чараларын көрүп кеңсенин ичинде, коомдук транспортто беткап тагынып, коомдук дистанцияны сактап, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана эмдөөгө чакырат. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!