Күн сайын мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул жолу Пржевальск көчөсүндө жер иштерин алып барууда бузуу фактысы катталган. Жолдордогу ѳндүрүш талаптар тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн КРнын «Бузуулар» Кодексинин 1-бөлүгүнүн 119-1-беренесинин негизинде, жаран К.Ташкуловго 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жыл башынан бери 6 млн 605 миң сом айып салынган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекеме ѳкүлдѳрү!

Ар бир ишкана, мекеме алдындагы 10 метрге чейинки аралык имараттын ээси тарабынан таза кармалуусу абзел.

Сураныч, үйлөрдүн жана мекемелердин аймагындагы тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпаңыздар жана ѳрттѳбѳңүздѳр!

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу маселелери боюнча тѳмѳнкү телефон номурларына кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району - 0551551745;

Октябрь району - 0505523832;

Биринчи май району- 0555404818;

Ленин району - 05542213.