Эпидемиологиялык туруксуз абалга байланыштуу, диний мекемелер арасында санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышын аныктоо максатында Свердлов районунда рейддик иш-чара өткөрүлдү.

 Рейд санитардык-экологиялык инспекциянын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте болгон.

 Рейддин жыйынтыгында, сыйынууга келген адамдар тарабынан беткап тагынуу режими жана аралыктар сакталбагандыгы үчүн 6 акт, 2 бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 1 чиркөө жана 1 сыйынуучу үйгѳ жалпы 10 миң сомго айып салынган.

 Ошондой эле, коронавирустук инфекцияны алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, плакаттар таратылды. Келген адамдарга беткап тагынуу жана санитардык ченемдерди бекем сактоо сунушталды.

 Урматтуу шаар тургундары!

Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун операторлоруна кайрылып, ооруну алдын алсаңыз болот. Биздин операторлор сиздерге жардам берүүгө ар дайым даяр. Ошондой эле, беткап кийүүнү, антисептик менен колуңузду тазалоону, аралыкты сактоону, эмдөөдѳн ѳтүүнү жана, албетте, спорт менен машыгып, иммундук системаңызды бекемдөөнү унутпаңыздар.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!