9 -августка карата баш калаада 987 адам айыкты.

Коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын 281 учуру катталды. Алардын 234үнүн шаардык каттоосу бар: Ленин району - 90, Биринчи май району - 46, Октябрь району - 57, Свердлов району - 41. Шаарда каттоосу жок - 47.

281 адамдын 268и белгиси бар, 13 адамда оорунун белгилери жок, 246сы амбулатордук, 35и стационардык дарыланууда. Тилекке каршы, төрт адам каза болду.

Урматтуу шаардыктар ! Сураныч, санитардык -эпидемиологиялык талаптарды жана нормаларды сактоону уланта берели, эмдөөдөн өтөлү. Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.