Борбордо 10-августка карата 118 640 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен биринчи дозасын 71 миң 600 адам, экинчи дозасын 47040 адам алды.

Бишкекте эмдөө үчүн 71 убактылуу эмдөө пункттары жайгаштырылган:
- 19 ҮМБ жана 7 филиал;
- студенттер үчүн шаардык поликлиника;
- спорт жана реабилитациялык борбор;
- ТЖОнын бейтапканасы;
- “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси;
- 8 жеке медициналык борбордо;
- 3 билим берүү мекемеси;
-  жаңы конуштарда жайгашкан 19 медициналык амбулаторияда;
- 8 соода борборунда.

Атайын мекемелер үчүн карылар үйлөрүндө, интернаттарда, диспансерлерде жана социалдык мекемелерде жарандарды коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча өзүнчө пландар иштелип чыккан, ден соолук абалына жараша эмдөө улантылууда.                                                      
Урматтуу ата -энелер, мугалимдер жана медицина кызматкерлери! Сизден жарандык жоопкерчилигиңизди көрсөтүүнү жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүнү суранабыз. Жаңы окуу жылынын башталышына бир айга жетпеген убакыт калды жана окуу кандай форматта өтөрү биздин колубузда. Анткени, балдарыбыздын коопсуздугу жана ден соолугу баарынан жогору.

Урматтуу тейлөө тармагынын кызматкерлери! Сиздер, эң биринчилерден болуп, күн сайын коронавирусту жуктуруу коркунучу бар көптөгөн адамдар менен кездешесиздер. Биз сиздердин жоопкерчиликтүү болууңуздарга үмүттөнөбүз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!