Борбор калаа мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев менен "Мир Холдингдин" директорлор кеңешинин төрагасы Мирмахмутогуллары Ибрагим жана Түркиянын Эрзурум шаарынын мэри Секмен Мехмет мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар шаар экономикасына тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты. Түрк тарап мэрди дайындалышы менен куттуктап, холдинг жана анын багыттары тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде мэрдин милдетин аткаруучу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: "Мир Холдинг" 35 жыл мурун негизделген. Бүгүнкү күндө түрк корпорациясынын курамына энергетика, айыл чарба, түтүк чыгаруу, курулуш жана коргонуу өнөр жайы боюнча адистешкен 15 компания кирет. Ошондой эле, бул холдинг Стамбул университетинин Мир Холдинг технопаркынын өнөктөшү жана башкармасынын мүчөсү болуп саналат.