Борбор шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева "Социалдык жатакана" муниципалдык мекемесине барып, К.Тилебалиев атындагы жетим, жарым жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Панфилов мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-мэр жатакананын жашоочусу Кирилл Пискаревго ийгилик жана чың ден соолук каалады, ал Дубайга иштөө үчүн учуп кетүүдө.

Социалдык жатакана 63 кишиге эсептелген. Азыр ал жерде 38 адам жашайт: 9 кыз жана 29 бала.

Жатаканада 1 жылдан 2 жылга чейин жашаса болот. Жатакананын  жашоочуларына көрсөтүлүүчү  социалдык кызматтар: бекер жатакана, ишке орношууга жактан социалдык колдоо, документтерди калыбына келтирүү жана кайра даярдоо.