Шаарыбыздын жаш тургундарынын коопсуздугу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жаӊылоо иштерин баштады.

Биз жол чийиндерин жаӊыртып, Бишкектеги мектептердин жана бала бакчалардын жанына жол белгилерин орното баштадык. №72, 49, 42, 25, 66, 4, 45, 20, 93, 74, 72, 26 мектептердин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр жаӊыртылды.

Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин жанына атайын жасалма дөӊчөлөрдү орнотуп, жол чийиндерин чийип, жол белгилерин орнотуудабыз. Бүгүн, №145 бала бакчанын, Анкара көчөсүндөгү “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин, №20 мектеп-гимназиянын жанында “жасалма дөӊчөлөр” пайда болду.

Шаар боюнча бул багыттагы иштер уланууда.