"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынан билдирүүсү боюнча, алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү, бардык отканаларда оңдоо иштерин өткөрүү улантылууда.

Бүгүнкү күндө 66 откананын дагы 47си толугу менен даяр.

Казандар тазаланып,  оңдолду, насостор, клапандар, электр жабдуулары, автоматташтыруу приборлору жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Кызматкерлер  ар кандай диаметрдеги 1422 метр жылуулук түйүндөрүн алмаштырышты.

Отканалардагы бардык жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп,  “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын тыкыр көзөмөлүндө.