18-август күнү «Ак-Ордо» жаңы конушунда жаңы бала бакчанын жана мектептин имараттарынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

Бул  иш-чарага борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Джунушалиев жана конуштун тургундары катышты.

Иш -чаранын жүрүшүндө мэр бардык жумуштарды өз убагында бүтүрүүнү, бекитилген  курулуш эрежелерге жана ченемдерге, ошондой эле мамлекеттик стандартка ылайык куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Үч кабаттуу жаңы мектепти куруу Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишине пландалып жатат. Долбоордук кубаттуулук бир сменада 750 окуучулук орунга, 23 класстын ар бирине 30-32 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектептин имаратында окуу корпусу, спорттук, жыйындар, окуу жана маалыматтык залдар, ийримдер, хореография бөлмөсү, кино жана фотостудия, коммуналдык бөлмөлөр жана ашкана болот. Ошондой эле, мектепте пандустар да каралган. Мектепти «Байэл-А-Курулуш» ЖЧКсы курат.

Бала бакча эки кабаттуу болуп, 280 орунга ылайыкталган. Бул бала бакчада оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, уктоочу, техникалык, кабыл алуу, медициналык бɵлмɵлɵр, музыка жана гимнастика залы болот.

Тендердин жыйынтыгы боюнча "Ак-ниет-Курулуш" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Бул компания бала бакчанын курулушу менен алектенет.