“Бишкекасафльтсервис” муниципалдык ишканасы борбор шаарды көрктөндүрүүнү улантууда.

Жумушчулар Чынгыз Айтматов проспектиси боюнча түндүк багытты көздөй жол чийиндерин жаӊыртып жатат. Проспекттин башынан Жибек Жолуна чейинки үзгүлтүксүз сызыкты жаӊыртууну пландап жатабыз.  Биздин кызматкерлер транспорт кыймылына тоскоолдук жаратпайт, чиптер жол чийиндери чийилген жерлер кургаганга чейин гана коюлат.  

Ошондой эле, Жибек Жолу проспектиси боюнча Осмонкул көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки кесилиште бетон тосмолорду сырдоо иштери башталды.

Түштүк Магистраль менен Малдыбаев көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн тосмосу бүгүн сырдалып бүтөт.

Шаар тургундарынын ыӊгайлуулугу үчүн Сатыбалдиев жана Ауэзов көчөсүнүн кесилишине аялдама пайда болот. Бүгүнкү күндө чатырын жасап, урналарды орнотуп жатабыз.

Тыналиев көчөсүнүн Түштүк Магистралдан Ахунбаев көчөсүнө чейин бөлүгүндө жакынкы арада отургучтар жеткиликтүү болот. Өзүбүз өндүргөн 28 отургучту орнотобуз.

Ошондой эле, жол белгилерин орнотуу жана оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон учурларда жол белгилеринин тирөөчтөрү сырдалат. Бүгүн 11 жол белгиси орнотулду.

Жумуш бардык багытта уланууда.

Эске салсак, жол сызыктарын түшүрүүдө жарык чагылтуу эффекттери бар ысык пластик менен түшүрөбүз.