"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча,  19 -августтан тарта Дыйкан көчөсү Месарош көчөсүнөн  Керемет конушунун  Нравская көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоого жабылат.

Оңдолгон участоктун узундугу 550 погондук метр, унаа жолунун туурасы 7 метр. Жолдун бир тарабына тротуар курулат, экинчи жагына сугат системасы орнотулат. Ошондой эле жолдун жана тротуардын бордюрларын, сугат арыктарын жана дренаж торлорун орнотобуз.

Азыр ишкана көчөлөрдүн 13 тилкесинде капиталдык оңдоо иштерин улантууда, ал эми 7 көчө унаалардын өтүүсү үчүн ачык.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Тыгындарга жол бербөө үчүн маршрутуңузду алдын ала пландап алууну суранабыз.