Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев "Ак-Босого" конушуна барып, Архитектор көчөсүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө башчы Архитектор жана Чүй-35 көчөлөрүнүн кесилишинде электр станциясынын курулушунда иштеп жаткан "Түндүк электр" ААКнын өкүлү менен жолугуп, конуш тургундарын угуп, алардын бардык суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында аким жооптуу шаардык кызматтарга иштин сапатын өзгөчө көзөмөлгө алууну, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына конуштун аймагына  парк уюштуруу маселесин кароону, "Бишкекасфальтсервиске" агынды суулар үчүн торчо, аялдама пунктун  орнотууну, Чүй-14 көчөсүнө шагыл төгүп бүткөрүүнү  тапшырды.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына 2021-жылдын 22-августуна чейин  Безымянная көчөсүндөгү №81 орто мектептин маңдайына, ошондой эле №107 коомдук транспорттун акыркы аялдамасына  светодиоддук прожекторлорду орнотуу тапшырылды.

Ар бир көйгөйлүү маселе башчынын жеке көзөмөлүнө алынат.