Ленин акимчилиги калк арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин улантууда.

Райондун муниципалдык аймактык башкармалыктары, Үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен биргеликте калк арасында COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөлөрдү алуу зарылдыгы тууралуу үймɵ үй кыдырууларды жана түшүндүрүү иштерин өткөрүүдɵ.

Үймɵ үй кыдыруунун негизинде Ленин райондук ҮМБнын дарыгерлери Кыргыз Республикасынын "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" мыйзамына ылайык эмдөөдөн өтүүнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, ошондой эле маалыматтык материалдар жана буклеттер таратылды.

№3 МАБдын кызматкерлери, №29 Үй-бүлɵлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана райондун коомдук ден-соолук комитети менен бирге, ТЭЦ-2нин аймагында жашаган жашоочулары менен да коронавирус инфекциясына каршы эмдөө тууралуу жолугушуу өткөрүштү.
Бул багыттагы иштер уланууда. Түшүндүрүү иштери  график боюнча жүргүзүлɵт.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору!

Барыңыздарды эмдөө алууга чакырабыз. Эмдɵɵ  COVID-19 инфекциясын алдын алуунун бирден бир эффективдүү жолу.  Ошондой эле,  сиздерден санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоону улантууну: беткап кийүү, аралыкты сактоо, антисептик колдонуу жана  бөлмөнү тез-тезден желдетүүнү суранабыз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздɵр!