Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин шаардык кызматтар жана ишканалар менен таанышуу сапарлары уланууда.

19 -августта калаа башчысы "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына барды. Ал мекеменин аймагынын жана көмөкчү жайларынын канааттандырарлык эмес абалын, жумушчулардын иштөөсүндө  шарттардын жоктугун белгиледи.

Ишкананын күнөсканасы жана питомниги менен таанышуунун натыйжасы, аларды бир жуманын ичинде тиешелүү формага келтирүү, ошондой эле ишкананын коллективинин эффективдүү иштеши үчүн керектүү шарттарды түзүүнү тапшырды.