Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Джунушалиев парадзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Хусан кызы Хайитхон менен анын машыктыруучусу Канатбек Имияновду сыйлады. Айбек Жанышбекович спортчуну жана анын машыктыруучусун жетишкендиктери менен куттуктап,  Токиодогу Паралимпиадага катышуу алдында жылуу сөздөрүн айтты.

Токиого Хусан кызы Хайитхон бүгүн, 19 -августта учат.  

Ал мындай ири спорттук мелдешке биринчи жолу лицензия утуп алды.

Жетишкендиктери үчүн спортчуга 100 миң сом, ал эми машыктыруучуга 50 миң сом сертификат тапшырылды.