Ленин районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү калкка өзгөчө кырдаалдар учурунда чукул жардам көрсөтүү үчүн арналган “112” кызматы тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Маалыматтык брошюралар эл көп чогулган жерлер: “Ош базары”, “Берекет Гранд”, “Берекет Универсал” жана “Дордой Моторс” соода түйүндɵрүнɵ таратылды.

“112” кызматы - бул Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү номерди колдонуу менен тез жардам кызматтарына чалууларды камсыз кылуу тутуму.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Өзүңүздɵргɵ сак болуңуздар. Коопсуздук эрежелерин сактаңыздар! Өзгөчө кырдаалдарда “112” номуруна чалыңыздар.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!