Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылуусун эске алуу менен, “Шаардык транспорт башкармалыгы” жана “Эко Пассажирдик Транспорт” ЖЧКсы  үстүбүздөгү жылдын 19 - августунан тарта 12 даана автобусту Чыгыш автобекетинен   Лев Толсой көчөсүндө жайгашкан жугуштуу ооруларды даарылоочу ооруканага чейинки   маршрутун ишке киргизди (маршрут айлампа).

Белгиленген маршрут №2 каттамы болуп бекитилип, “Ковид-19” илдети менен ооруканада жаткан бейтаптарга каттоо жолун биртоп жеӊилдетти.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспортто баратканда беткап кийүүнү, антисептикти колдонууну, ошондой эле, ден соолугуңузду  чыңдоону жана эмдөөдөн өтүүнү унутпаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.