Октябрь районунда айдоочулар арасында 4 -топтогу мүлк салыгын (транспорт каражаттарын) төлөө боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштери акимияттын кызматкерлери, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ПМКБсы жана Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгы тарабынан Юнусалиев менен Сүйөркулов, 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындап калганын эске салат.
4 -топтогу мүлккө болгон салыкты (транспорт каражатына) үстүбүздөгү жылдын 1 -сентябрына чейин, турак жайларга, батирлерге (ишкердик үчүн колдонулбаган) жана жер салыгын (короо жана багбанчылык үчүн жер тилкелери) 2 -сентябрга чейин төлөө керек.

Кененирээк маалыматты 116 телефону боюнча алууга болот.