Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, биз  Чүй проспекти 96 дареги боюнча  "Кыргыз почтасы" почтамтында кошумча эмдөө пунктун ачтык.
Пункттун иш тартиби саат 09:00 дон 15:00 го чейин.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 13-августунан тартып калктын кайрылууларынын жоктугуна байланыштуу Свердлов районунун БҮМБда жана №15 ҮМБда жайгашкан түнкү эмдөө пункттарынын иши убактылуу токтотулган.

Бүгүнкү күндө саат 08:00дөн 08:00го чейин иш тартиби менен  шаардык студенттердин бейтапканасында жайгашкан убактылуу эмдөөчү пункт күнү-түнү  иштеп жатат.

Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат КРнын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктр министрлигинин электрондук саламаттыкты сактоо борборунун базасына киргизилет.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз. Сураныч, эмдөө алып, ден соолукта болуңуз!