Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.

«Красный строитель" конушунун тургуну неберелерин бала бакчага жайгаштыруу жана жашаган аймагын жашылдандыруу маселелери менен  кайрылды.

Көтөрүлгөн маселелердин негизинде тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн  жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилди, коюлган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын чегинде  жана тез арада каралат.


Эскертме, башчынын   жеке кабыл алуусу  ар бейшембиде  саат 15:30 дан 17:30 га чейин өткөрүлөт. Сиздер (0312) 36-01-93 телефонуна чалып жазылсаңыздар болот.