Ленин районунун акими Руслан Тагаев Бишкек шаарынын мэриясынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйында  борбор калаанын "Ак-Ордо" конушунун чек арасы менен Сокулук районунун ортосундагы талаштуу абал, ошондой эле жол кырсыктары  кескин болуп турган Гагарин көчөсүнө байкоочу камераларды жана ылдамдыкты азайтуучу жасалма жол белгилерин орнотуу маселелери каралды.

"Ак-Ордо" конушунун тургундары Сокулук районунун тургундарынын унаалар менен жүрүшүнɵ каршы болгон, себеби бул чек ара аймагынын тургундарынын арасында жол эрежелерин бузуучулар көп, ошондой эле бул жол "Ак-Ордо" конушунун тургундары тарабынан оңдолгон.

Район башчысы Көк-Жайык көчөсүнүн тургундарына учурдагы абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча талашты чечүү үчүн эки райондун жашоочулары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды жана Гагарин көчөсүнɵ тиешелүү кызматтарга камераларды жана ылдамдыкты азайтуучу белгилерди  орнотуу меселеси иштеп чыгуу тапшырылды.