Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 2006-2009-жылы туулган улан-кыздар арасында Олимпиада чемпиону Мария (Пинигина) Кулчунованын байгелери үчүн жеңил атлетика боюнча Эл аралык турнир өттү.

Мелдешке КМШ өлкөлөрүнөн жана республиканын региондорунан спортчулар катышты.

Биринчи май районунун С.Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин окуучулары  турнирдин жеңүүчүлөрү болушту.

Кыздар арасында тоскоолдуктар менен 100 метр аралыкта байгелер төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Аманова Сезим - 1 -орун;
- Артыкова Айдай - 2 -орун.

100 метрге кыздар:

- Сулейманова Эмилия - 1 -орун.

100 метр балдар:

- Егор Побежимов - 1 -орун;
- Кочкорбаев Нурзаман - 3 -орун.

400 метр балдар:

- Батырбеков Анвар - 1 -орун;
- Турсунов Куттубек - 2 -орун.

1500 метр кыздар:

- Кадырова Айпери - 3 -орун.

Узундукка секирүүчү балдар:

Макенжанов Акемир - 3 -орун.

Узундукка секирүүчү кыздар:

Дунаева Дияна - 2 -орун.

200 метр балдар:

Егор Побежимов - 1 -орун;

Батырбеков Анвар - 2 -орун.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Маалымдама: Мария Джумабаевна Пинигина (ж. Кулчунова) 1958 -жылы 9 -февралда Кыргыз ССРинин Ивановка айылында туулган - советтик спортчу, эстафетада 4 × 400 метрге Олимпиада чемпиону. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1984). Сеул Олимпиадасында Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен бирге 4 × 400 метрлик эстафетада дүйнөлүк рекорд койгон. Бул жетишкендик ушул күнгө чейин уланууда. Ал ошондой эле 1983 жана 1987 -жылдары Дүйнө чемпиондугунун коло жана күмүш медалынын ээси болгон.