Борбор калаада мектеп окуучулары арасында самбо боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү.

Чемпионатты Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу Ленин районунун олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби уюштурду.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери болуп төмөнкүлөр табылды.

35 кг Ашимбеков Элдар - 3 -орун;
42 кг Бейшебаев Байел - 1 -орун;
42 кг Абдуллаев Чыңгыз - 2 -орун;
42 кг Кадырбеков Чыңгыз - 3 -орун;
46 кг Евгений Горизанов - 2 -орун;
46 кг Давыд Добродомов - 3 -орун;
50 кг Молдоканов Эмил -1 -орун;
50 кг Шадманов Раатбек - 2 -орун;
50 кг Бектенов Даанышман - 3 -орун;
50 кг Кудайбердиев Азирет - 3 -орун;
55 кг Эсенканов Жоомарт - 3 -орун;
+60 кг Артур Манченко - 1 -орун;
+60 кг Төрөкулов Бекжан - 3 -орун.

Кыздар арасында төмөнкүлөр жеңишке жетишти:
46 кг Апилова Айдай - 2 -орун;
50 кг Олжобаева Акмарал - 1 -орун.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.