Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык концерт өттү.

Майрамдык концертке Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган,  ошондой эле Свердлов районунун тургундары чакырылды.

КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызы, КРнын Эмгек сиңирген артисти, опера жана балет театрынын солисти Тилек Найманбаев, эстрада артисттери М.Элебесов жана И.Андаш, Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунун бий топтору, ошондой эле "Шайыр Апалар" фольклордук ансамбли концерттик программа тартуулашты.

Эл аралык карылар күнүнүн  урматына Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган карыларга почта бөлүмдөрү аркылуу акча каражаттары которулду.